Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Жемкорлукту ачыктаганын айткан мурдагы кызматкер президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурдагы жетекчилигинин тушундагы жемкорлукту ачыктаганын айткан мурдагы кызматкер президент Садыр Жапаровго кайрылып жардам сурады. 29-июлда ишкананын мурдагы басма сөз катчысы Нурида Имаралиева бул тууралуу “Азаттыкка” өзү кабарлап, 2020-жылы мекемеде батир бөлүштүрүүдө коррупциялык иштер болуп жатканын ачык айтып чыккандан кийин кызматтан алынганын, сот аны колдогон чечим чыгарганын, бирок ал чечимди Мамлекеттик ипотекалык компания аткарбай жатканын билдирди.

Имаралиеванын айтымында, райондук жана шаардык сот ал иштен мыйзамсыз алынганы тууралуу чечим чыгарган, Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн:

“Биз, бир катар кызматкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чыгып, дарыгерлерге жана мугалимдерге арналып курулган 195 турак жайды сактап калдык. Каржылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн мурунку жетекчилик ал батирлерди мэриялардын балансына өткөрүп берүүнү каалаган. Коомдук резонанстан кийин планы ишке ашпай, мугалимдер менен дарыгерлер көптөн бери күтүп жаткан турак жайларына ээ болушту. Мени эки жолу жумуштан кетиришти, мыйзам негизинде сотко кайрылдым. Ленин райондук жана Бишкек административдик сотторунун чечими менен мен жумуш ордума кайра келип, бардык компенсацияны алууга укуктуу болдум. Бирок, тилекке каршы, ошол соттордун чечимин компаниянын башкармалыгы аткарбай жатат”.

“Азаттык” бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниядан комментарий алды. Мекеменин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Айжаркын Токтомамбетованын айтымында, Имаралиева боюнча соттун акыркы чечими чыга эле болгондуктан кандайдыр бир аракет көрүүгө азырынча мыйзам жол бербейт:

“2021-жылдын 18-майында Жогорку сот өзүнүн токтому менен Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарган. Соттук иш кайра карап чыгууга жана кетирилген кемчиликтерди жоюуга биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлгөн. Азыркы тапта Ленин райондук сотунда соттук териштирүү уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компания кайсы бир аракет көрүү үчүн мыйзамдуу күчкө кирген соттук акт болушу керек деп эсептейт”.

Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстанда 2015-жылы иштей баштаган. Андан бери 5240 адам насыя алды. Азыр кезекте дагы 10 миңдей адам бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG