Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

30-июлдун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 27…29 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG