Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Парламент маалымат мыйзамын кабыл алууда эреже бузулбаганын билдирди


Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы.
Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алууда мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорун 30-июнда добушка коюуда вице-спикер тарабынан процедуралык ката кеткен.

"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 62-беренесине ылайык, вице-спикер биринчи президент артка кайтарган мыйзам долбоорун добушка коюшу керек болчу деп айталат билдирүүдө.

62-беренеге ылайык парламент президенттин чечимин колдоо, же ветону аттап өтүү үчүн мурдагы редакцияны кайрадан кабыл алыш керек. Мындан улам депутаттардын тобу мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө алып чыгуу үчүн төрагага кат жолдогон.

Буга чейин "Медиа полиси" институту Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таппаган мыйзам долбоорун кайра кароого алты айдан кийин гана мүмкүн деп билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы президент артка кайтарган мыйзам долбоорун кайра алып чыгууда мыйзам бузулганын билдирген.

Жогорку Кеңеш шилтеме келтирип жаткан "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 62-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүнө ылайык президент мыйзамга вето коюп, артка кайтарган учурда парламенттин тармактык комитети он күндүн ичинде бир чечимге келүүгө тийиш. Бул үчүн депутаттарга үч багытты тандоо сунушталат. Биринчиси - президенттин чечимин колдоо, экинчиси - ветону четке кагуу, үчүнчүсү - макулдашуу тобун түзүү.

Президент “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун 2020-жылы 3-августта кайтарып берген. Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2021-жылдын 2-июнунда мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүү чечимин кабыл алган.

Жогорку Кеңеш 28-июлдагы жыйынында коомдо чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG