Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Жеңиш Молдокматов убактылуу кармоочу жайга которулду 


Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары шаардык соттун алдында.
Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары шаардык соттун алдында.

Ачкачылык жарыялаган саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Молдокматов Бишкектеги №1 тергөө абагынан шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 23-июлда 10 күнгө которулган. Мындай чечимди Молдокматовдун ишин карап жаткан тергөөчү кабыл алган.

"Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчороев Молдокматов боюнча майдан бери эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, учурда убактылуу кармоочу жайга алып барып, тергөө жүргүзүп жатканын билдирди.

Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап кургак ачкачылык жарыялаган. Аны Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт баш аламандык уюштурган" деген кине койгон. 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматовго 2020-жылы 9-октябрдагы окуя боюнча дагы кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. По өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG