Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Ооганстандагы суу ташкыны 40тай адамдын өмүрүн алды


Ооганстандагы Нуристан провинциясынын картасы.
Ооганстандагы Нуристан провинциясынын картасы.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Нуристан провинциясындагы күтүүсүз суу ташкындан кеминде 40 адам көз жумуп, 150дөй кишинин дайыны табыла элек. Катуу жааган нөшөрдөн кийин башталган суу ташкын Бега-Мирдеш кыштагын толугу менен алып кетти. Жүздөгөн турак-жай кыйрап, ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймакта 700-800дөй турак жай болгон.

Провинциянын губернатору Хафиз Абдул Кайюм "Талибандын" көзөмөлүндөгү бул аймакт байланыш каражаттарынын баары жарактан чыкканын «Азаттыктын» ооган кызматына билдирди.

«Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид жоочулар гуманитардык агенттиктерге жана өкмөттүн куралсыз мүчөлөрүнө провинция аймагына өтүүгө мүмкүнчүлүк берерин кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG