Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Адвокат: Данияр Нарымбаевдин саламаттыгы начарлап жатат


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан 13-июлда Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасына которулган президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин абалы оорлоп кеткенин анын жакындары жана адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарымбаев коронавирус болуп, саламаттыгы начарлап, өпкөсү 50 пайыздан ашык эки тараптуу кагынышына карабай сот 30-сентябрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Жасалма дем алдыруучу апараттын жардамы менен жаткан Данияр Нарымбаевди жеке клиникадан мамлекеттик оорукананын "кызыл зонасына" которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөргө байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер айып коюлуп, айрымдары камалды.

Алардын арасында, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков, президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бар.

Аларга Жазык кодексинин “коррупция” беренеси менен айып коюлган. Кийинчерээк Узакбаев, Баатырбеков жана Сарпашев үй камагына чыккан. Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөрүп, чет өлкөдө дарыланууга бошотулган.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG