Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Ысык-Көл: пансионаттагы өлүмдүн себеби иликтене баштады


Бостери айылы. Окуя болгон жер.
Бостери айылы. Окуя болгон жер.

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатында катталган адам өлүмүнө байланыштуу райондук милиция сотко чейинки териштирүү ишин башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 27-июлда болгон.

Көлдөн пансионаттын аквопаркына суу толтурулуп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк 18 жаштагы баланы сордуруп кеткен. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар барып, түтүктү кескенде гана алып чыга алышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыкка кабылган бала көлгө кесиптештери менен эс алуу үчүн Бишкектен барган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG