Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишин баштады


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышы ишин баштады.

Жаңы шайланган депутаттарга төш белгилерди тапшырууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышууда.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо 6 партия босго чектен өткөн. Алар: "Эмгек» - 11 мандат, "Эмгек" - 11, "Ата-Журт Кыргызстан" - 9 мандат, “Ишеним” - 8 мандат, “Ынтымак” - 7 мандат, “Өнүгүү-Прогресс” - 5 мандат, “Социал-демократтар” - 5 мандат.

Мандат алган депутаттардын тизмеси:

Эмгек

1. Эльмир Досалиев

2. Бактияр Иманалиев

3. Элизавета Алымбаева

4. Бактыбек Абдиев

5. Айбек Ашимов

6. Лира Акунова

7. Токтосун Султанов

8. Руслан Шаршенбай уулу

9 . Светлана Кенжебаева

10. Жумабек Салымбеков

11. Ильяз Чалов

Ата-Журт Кыргызстан

12. Алымбек Бактыбеков

13. Таалайбек Сурапбаев

14. Мээрим Нусубалиева

15. Таалайбек Жакыпов

16. Эдик Досиев

17. Айканыш Ашырова

18. Куванычбек Конгантиев

19. Максат Токтогулов

20. Өмүркан Ашанбаева

“Ишеним”

21. Рысбай Аматов

22. Сайдахмат Исмаилов

23. Рамина Идырова

24. Арнас Тиллебаев

25. Таалайбек Дайырбеков

26. Мадина Чеченова

27. Асылбек Акылбеков

28. Бекжан Усеналиев

“Ынтымак”

29. Максат Алымбеков

30. Казыбек Эргешов

31. Наргиза Жолдошбаева

32. Мыйзамидин Калыков

33. Таалайбек Сариев

34. Гүлназ Халикова

35. Улан Сариев

“Өнүгүү-Прогресс”

36. Олег Попиков

37. Манас Абдыллабек уулу

38. Жылдызбек Абдраимов

39. Дамира Жолдошалиева

40. Жаныбек Асанбеков

Социал-демократы

41. Кадырбек Атамбаев

42. Таалай Темиркулов

43. Эльнура Дүйшекеева

44. Султанбек Абдуллажанов

45. Илгиз Сарылдык уулу

11-июлда Бишкек шаарынан тышкары Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарган. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясы соттошуп жатат.

БШК Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясын добуш сатып алуу фактысы боюнча шайлоодон четтеткен. Бишкек административдик соту БШКнын чечимин жокко чыгарган. Сот чечимине макул болбогон боршайком Жогорку Сотко арызданганы белгилүү болду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG