Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Тигүү тармагындагы ассоциациялар үчүн тренинг өттү


Тренингдин катышуучулары.
Тренингдин катышуучулары.

Бишкекте тигүү тармагындагы ассоциациялардын өкүлдөрү бизнес-план түзүү боюнча үч күндүк тренингден өтүштү. Бул тууралуу 30-июлда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) билдирди.

Тренинг маркетинг планын иштеп чыгуу, идеяларды сунуштоо, өндүрүш эсептерин жүргүзүү жана чыгымдарды жабуу боюнча божомол түзүү сыяктуу үч бөлүктөн турду. Анын катышуучулары өзүн өзү актаган, социалдык жактан маанилүү, туруктуу кирешеси бар бизнеси куруу, инвесторду кызыктыра ала турган бизнес-долбоор түзө билүү жолдорун үйрөнүштү.

«Легпром» ассоциациясынын аткаруучу директору Махабат Таштанбекова белгилегендей, ассоциациялардын иши негизинен мүчөлүк төлөмдөрдөн каржыланат, көпчүлүк учурда ал акча бардык чыгымдарды жаба албайт, ошондуктан кошумча каржылык ресурстар болуусу шарт. Коммерциялык эмес уюмдар үчүн бизнес-пландын өзгөчөлүгү болгондуктан аны түзө билүү азыркы тапта маанилүү болуп жатканы белгиленди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG