Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Чүйдө үй тоногон балдар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясы үйлөрдү тоноп жүргөн ууру балдарды кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция тараткан маалыматта кармалган балдар буга чейин да уурулук кылып жүргөн.

Маалым болгондой, кармалгандар Аламүдүн районундагы Лебединовка, Кырман айылдарындагы үйлөргө ууруга кирип, колуна тийгендин баарын уурдап келишкен. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө беш арыз түшкөн.

Ыкчам издөө иштеринин алкагында шектүү катары 2001, 2003, 2004 жана 1998-жылы туулган балдар кармалды.

Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн биринин сумкасынан Макаров тапанчасынын төрт огу чыккан. Алар уурдалган оокаттарды Ош базарында сатары аныкталган.

Милиция учурда кармалган балдардын башка кылмыштарга дагы катыштыгын текшерип жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG