Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Статком: Кылмыштуулук деңгээли кыйла жогорулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча кыйла жогорулаганы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеме Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазгандай, январь-июнь айларында жалпысынан өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш, 12 миң жорук катталды, алардын көбү Бишкекте жана Чүй аймагында жасалды.

Былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү.

Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды.

Паракорчулук 1,5 эсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары 36% көп болду.

Кыргызстанда 2012-жылы укуктук-соттук реформа башталып, 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган жана алар 2019-жылы иштей баштаган. Адистер бул реформа мыйзамдарды гумандаштырганын белгилешкен.

Быйыл аталган кодекстер кайра өзгөртүлдү. Айрым көз каранды эмес эксперттер, юристтер жаңы кодекстер мурдагы репрессиялык ыкмаларга, адам укугун тебелөөгө жол ачарын айтып жатышат. Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG