Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Беларус: ишкерлер бийликтин басымына кабылганын айтышууда


Александр Лукашенко Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө. Минск, 23-июль, 2021-жыл.
Александр Лукашенко Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө. Минск, 23-июль, 2021-жыл.

Интернет желесине Беларустан чет өлкөлөргө кетип жаткан бизнесмендердин жеке маалыматтары чыгып кетти. Алар өлкөдө калган жакындары жана кесиптештери үчүн коркушарын айтышууда.

Беларустагы бир канча бийликчил телеграм-каналдар чет өлкөлөргө кетип жаткан ишкерлердин тизмесин жарыялады. Анда ишкерлер өзү менен кошо бизнесин Латвияга жана Литвага көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат.

Минскидеги бийликчил телеграм-каналдар өлкөдөн кеткен жана кетүүгө камданып жаткан ишкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке маалыматтарын ачык жарыялап жиберди. Тизмедеги ишкерлер муну беларус бийлигинин коркутуп-үркүтүүсү катары кабыл алышты.

Балтика өлкөлөрүнө көчүп кеткен же болбосо кетүүгө камданып жаткан Беларустагы ишкерлердин тизмесинде азырынча 18 фамилия бар. Алардын бири чындап эле бир нече ай мурун Беларустан Литвага кеткен, жашыруун калуу шарты менен сүйлөп берүүгө макул болду.

"Беларуста чынында эле бизнести куугунтуктоо жүрүп жатат. Караңыздарчы, күндө ар кандай жаңылыктар чыгууда. Күн сайын кимдир бирөөнү камап, башкаларынын бизнесин тартып алышууда", - деди Литвага чыгып кеткен ишкер.

Былтыр август айынан баштап Балтика өлкөлөрү Беларустан качкан качкындарга жана ишкерлерге "гуманитардык коридор" ачкан. Расмий маалымат боюнча былтыртан бери Беларустан 15 компания Латвияга көчүрүлүп, ал жакка өндүрүштөрүн жана миңге чукул кызматкерин алып келген.

Бирок латыш бийлиги ал инвесторлордун, компаниялардын жана кызматкерлердин аттарын ачык жарыялаган эмес.

XS
SM
MD
LG