Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндары жетинчи күнгө карады. 30-июль, ушул сааттарга карата алтын медалдар саны боюнча Жапония менен Кытайдын курамалары алдыда келе жатат.
Кытай 18 алтын алса, Жапония 15, АКШ 14, ал эми Орусиянын Олимпиада комитети 10 алтын медалга ээ болду.
Ал эми жалпы медалдардын саны боюнча АКШнын спортчулары 42 медал утуп алды, Кытай - 38, Орусиянын Олимпиада комитети - 32, Жапония курама командасы 26 медал утту.
XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.
Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.