Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Кыргыз-тажик чек арасынын 40 чакырымы боюнча документке кол коюлду


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы. Достук айылы.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы. Достук айылы.

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинин 40 чакырымы боюнча тараптар орток пикирге келип, документке кол койгонун тажикстандык ЖМКлар жазды.

Мындай макулдашуу эки тараптын делимитация жана демаркация боюнча өкмөт аралык комиссиясынын акыркы отурумдарында жетишилген.

Өкмөттүк комиссиялардын 40 чакырым чек ара боюнча бир пикирге келгенин Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” ырастады. Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу комиссиянын акыркы отурумдары, түшүнүүчүлүк менен өтүп, чек араларды тактоодо жылыштар болуп жатканын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун 12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуусунун соңунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Тараптардын кийинки жолугушуусу август айынын башында Тажикстанда өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG