Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Израилде вакцинанын үчүнчү дозасы сайылат


Израил. Тель-Авив. Вакцинанын үчүнчү дозасын саюуга даярдык.
Израил. Тель-Авив. Вакцинанын үчүнчү дозасын саюуга даярдык.

Израил жакында өзүнүн тургундарына BioNTech/Pfizer препаратынын үчүнчү дозасын саюуга даярданып жатканын өлкөнүн премьер-министри Нафтали Беннет билдирди.

Reuters агенттиги Израил мындай кадамга барган дүйнөдөгү биринчи мамлекет экенин белгиледи.

BioNTech/Pfizer препаратынын үчүнчү дозасын мындан беш ай мурун эмдөөнүн эки жолку дозасын сайдырган, жашы 60тан ашкан адамдар ала алат.

Тесттик сыноонун алкагында вакцинанын үчүнчү дозасын 2 миң киши алып, анын коркунучтуу тескери таасирлери байкалган эмес.

Премьер-министр Нафтали Беннет Израилдин 60 жаштагы президенти Ицхак Герцог 30-июлда вакцинанын үчүнчү дозасын аларын жарыялады.

“Мен буга чейин эки дозаны алган улгайган адамдарды эми үчүнчүсүн алууга чакырам. Бул оорунун оор өтүүсүнөн жана өлүмдөн сактайт”, – деди Беннет.

Израил дүйнөдө биринчилерден болуп калкынын басымдуу бөлүгүн эмдөөдөн өткөрдү. Быйыл апрель айына карата ал жакта калктын 60% вакцина алды. 1-июндан тарта Израилде бардык карантиндик чектөөлөр алынып салынды. Ал эми 15-июндан бери имарат ичинде беткап тагынбоого уруксат берилип, бирок “дельта” штаммынын жайылып кетишинен улам он күндөн соң бет кап тагынуу режими кайра киргизилди.

Соңку айларда Израилде илдеттин жайылышы кайра күчөдү. Учурда күнүнө эки миң адамдан вирус табылууда.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму расмий түрдө вакцинанын үчүнчү дозасын саюуну сунуштай элек. Уюм анын ордуна өнүккөн өлкөлөр вакцинанын ашыкча запасын жакыр өлкөлөргө берип, COVID-19 инфекциясынын жаңыдан жайылуусун алдын алса болмок экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG