Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Жогорку Кеңеш "Мегакомду" сатууну колдоду


Мегаком компаниясынын кеңсеси.
Мегаком компаниясынын кеңсеси.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), "Керемет" банкты (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу сунушун колдоду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, "Мегаком" компаниясынын баасын көз карандысыз компания бычкандан кийин аукцион, конкурс же түз сатуу аркылуу сатылат.

Бакиров ошондой эле, "Мегаком" компаниясын сатып алуу Улуттук банкка дагы сунушталарын кошумчалады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программанын алкагында 25 мамлекеттик мүлктү сатыкка чыгарган.

Акциясынын 100% мамлекетке таандык "Мегаком" компаниясын буга чейин бир канча жолу сатуу аракети болгон.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG