Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Экономикага өзгөчө кырдаал киргизген мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети демилгелеген экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын Жогорку Кеңеш 29-июлда үч окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна 81 депутат макул, эки депутат каршы добуш берди.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык комитетинде биринчи окууда добуш берүүгө эки күн мурда жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште баяндамачы болгон экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик акт өзгөртүлүп, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

Мыйзам каралардан бир аз убакыт мурдараак Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдө экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп билдирүү жасаган. 29-июлда бизнес-омбудсмен сунуш кылынып жаткан чаралардын ачыктыгы жана негиздүүлүгү суроо пайда кылганын белгилеген.

Ошону менен катар ал кайсы гана өлкө болбосун, бардык тараптардын катышуусу менен талкуу өткөрбөстөн шашылыш түрдө кабыл алынган мыйзам долбоору тобокелчиликтерди жаратарын кошумчалаган.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында1,7% төмөндөдү. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG