Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик боюнча мыйзамдар биринчи окуудан өттү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу төрт мыйзам долбоору 29-июлда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

“Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорлорунун автору президент Садыр Жапаров.

Талдоочулар бул мыйзамдар президенттин жана Министрлер кабинетинин укуругун узарта турган документтер экенин айтып жатышат. Мисалы, эгер “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзам кабыл алынса Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкектин жана Оштун мэрлерин, ал эми район акимдери айыл өкмөт менен башка калаа башчыларын дайындап калат. Бул үчүн жергиликтүү кеңештин макулдугу керек болот.

22-июлда “Министрлер кабинети жөнүндө” долбоор парламентте каралып, депутаттардын сынына кабылган. Ошондон кийин демилгечи тарап аны жана калган үч долбоорду да кайра иштеп чыгуу үчүн артка чакыртып алган.

Президент автор болгон бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш үч окуудан карап, добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар.

29-июлда Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады. Кезектеги жыйынга алар сентябрдын башында чогулат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG