Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Ысык-Көлдүн тескейинде сел жүрдү (видео)


Ысык-Көлдүн тескейи.
Ысык-Көлдүн тескейи.

30-июлда таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги кан жолдун 35-чакырымында жолдун айрым жерлерин сел алып кетти. Көлдүн тескей тарабындагы жол ачык. Ал эми Чолпон-Ата шаарында нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдү суу каптады.

Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри, мекеменин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы чыгып кетишти.

Азыркы учурда куткаруучулар иштеп жатат. Жабыркагандар катталган эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG