Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Алданганын айткан жапон жараны президент Садыр Жапаровго кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык жаранга ири өлчөмдөгү акчага алданып калганын айтып беш жылдан бери соттошуп жүргөн жапониялык кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Масахико Такеучи президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу 30-июлда “Азаттык” радиосуна анын расмий өкүлү Жамиля Казиева билдирди.

Казиева Жапаровго бир нече жолу кайрылуу жолдошконун, бирок жооп болбой жатканын айтууда:

“Соттук териштирүү эч негизсиз создуктурулуп жатканы Кыргызстандагы майыптарга жардам берип жүргөн жапон жарандарынын адилеттүүлүккө болгон үмүтүн өчүрүүдө. Эгер соттон акыйкат чечим чыгып, 113 миң доллар акча кайтарылып берилсе Кыргызстандагы көзү азиз адамдарга жардам берүүгө жумшалат эле”.

2020-жылдын февраль айында Жогорку сот Кыргызстандын жараны Элнура Эмилкановага тиешелүү кылмыш ишин кайра териштирүүгө Биринчи май райондук сотуна жиберген. Муну Жогорку сот жапон жараны тарткан чыгымдар, кылмыштын коом үчүн коркунучу, айыпталуучунун таржымалы өңдүү жагдайларга юридикалык жетиштүү баа берилген эмес деп негиздеген.

2021-жылдын апрель айында райсот 37 жаштагы Эмилканованы Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) негизинде айыптуу деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок бул жаза мөөнөтүн эки ай мурда төрөлгөн баласы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турганын белгилеген. Ошону менен катар жапон жаранына 79 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендирип, талаш батирди камакта калтырган. Учурда иш шаардык сотто каралууда.

Empower Blind People коомдук уюмунун ошол кездеги жетекчиси Эмилкановага байланышкан соттук териштирүү 2016-жылдан бери уланып келе жатат. Буга көзү азиз жапон жараны Масахико Таксучинин "Бишкекте реабилитациялык борбор үчүн батир сатып алууга берген 113 миң долларын Эмилканова алдап кетти" деген доомат негиз болгон.

Эмилканова жапон жаранын «жалаа жаап жатат» деп, кайчы арыз жазган.

Бул соттук териштирүү мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турганы мурда кабарланган.

Жапон тарап президент Садыр Жапаровго 2020-жылдын октябрында да кайрылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG