Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болду


Куванычбек Конгантиев.
Куванычбек Конгантиев.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Куванычбек Конгантиев шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын 41и колдогон.

Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп "Эмгек" партиясынан депутат болгон Токтосун Султанов шайланды.

Конгантиевдин талапкерлигин "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Өнүгүү-Прогресс" партияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция сунуштаган. "Ынтымак" жана "Социал-демократтар" партиясы оппозицияда калды.

Куванычбек Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон. Ал мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы.

Жыйынтыгы жокко чыккан 11-апрелдеги шайлоодо Куванычбек Конгантиев "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" менен шайлоого катышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партияны добуш сатып алуу фактысы үчүн шайлоодон четтеткен.

Бишкек шаардык кеңеши 6 партиядан куралды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG