Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

31-июлдун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG