Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Байден федералдык кызматкерлер эмделерин жарыялады


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ өкмөтүнүн бардык федералдык кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден билдирди.

“Федералдык өкмөт – эң ири иш берүүчү жана “дельта” штаммы тарап жаткан шартта Байдендин бул кадамы башка жеке менчик ишканалар менен мекемелерге дагы үлгү болушу мүмкүн”, - деп жазды “Америка абазы”.

Ак үйдөгү булактын айтымында, эмдөөдөн баш тарткан федералдык кызматкерлер кызматтан алынбайт. Алар вирус жукпаганын ырастаган тесттерди тапшырып турушу кажет.

2020-жылдагы статистикалык маалымат боюнча АКШда эки миллиондон ашуун адам мамлекеттик кызматта иштейт.

34 министрлик менен агенттик кирген мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик кошууну коронавируска каршы эмдөөнү колдой турганын билдирди. Ошондой эле, мекемелерди эмдөөдөн өтүү үчүн кызматкерлерге атайын эс алуу күнүн бөлүп берүүгө үндөдү.

АКШда пандемия башталгандан бери 35,5 млн. адам оору жугузуп, 600 миңден ашууну каза тапты. Азыркы маалда калктын 50% эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG