Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Өкмөт: Жерүйдө быйыл 2,3 тонна алтын өндүрүлөт


Жерүйдүн алтыны.
Жерүйдүн алтыны.

Жерүйдө быйыл жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу 30-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишканага барганда айтылды.

Бүгүнкү күнгө карата «Алтын Альянс» компаниясы 1086 кг алтын өндүргөнү, Улуттук банк кымбат баалуу металлдарды сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укугунун негизинде 940 кг тазаланган алтынты сатканы маалымдалды.

Башкы министр Марипов ишкананын калдык сактоочу жайын текшерип, экологиялык коопсуздук өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин иштетүү укугу азыр орусиялык ишкерлердин колундагы «Альянс-Алтын» компаниясында. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтирүүдө.

Жерүй.
Жерүй.

Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы 2021-жылы 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн​.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров 23-мартта «Азаттыкка» маек курганда Жерүйдөн Кыргызстан салык жана башка төлөмдөр түрүндө жылына 3 миллиард сомдой алып турмай болуп жатканын айткан, ишканада Кыргызстандын үлүшү болбой калганын тарыхый ката катары баалаган, бирок орусиялык ишкерлер менен түзүлгөн келишимди өзгөртүү мүмкүн эмес экенин белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG