Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

УКМК бажыдагы мыйзамсыз схеманы аныктады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

"Түндүк" темир жол бажысында айрым логистикалык компаниялар менен сүйлөшүп алып, интернеттен буйрутма берилген товарлардан бажы төлөмүн албай иштеген схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 29-июлда тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, жүктү мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча алып жаткан жеринен “Түндүк” темир жолунун бажы тариздөө борборунун инспектору кармалган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда "Түндүк" темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын бажыдагы коррупцияга тиешеси такталууда. Ошондой эле, мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыян эсептелип жатат. (МТа)

XS
SM
MD
LG