Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Орусияда "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун мүчөлөрү соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ростов-на Дону шаарында сот "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун үч мүчөсүн алты жылдан алты жарым жылга чейин абакка кести.

Ишти караган сот "диний-экстремисттик уюмдун ишмердигин уюштурган" деген негизде айыпкерлерди күнөөлүү деп тапты.

Бир тууган Вилен менен Арсен Аванесовдор жана Александр Парков 2019-жылы жазында полиция тарабынан кармалган. Алар Орусияда тыюу салынган диний уюмдун ишин жүргүзүүгө айыпталган. Сотто күнөөсүн моюнга алышкан эмес. Алар Библияны окуп үйрөнүп, Кудайга сыйынуу үчүн гана жолугушуп жүрүшкөнүн айтып, көрсөтмө беришкен.

Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмун экстремисттик деп таап, өлкөнүн аймагында ишмердигине тыюу салган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы "Жахабанын күбөлөрүн" экстремист деп таанууну "болбогон нерсе" деп атап, “алар дагы башкалар сыяктуу эле христиан” экенин жана аларды куугунтуктоонун кереги жоктугун билдирген.

Бирок мына ошондон кийин Орусиянын аймагында бул диний уюмдун мүчөлөрү жана тарапташтары чекесинен кармалып, улам камакка алына баштаган. Айрымдары тергөө абактарында кыйноого кабылганын сот учурунда ачык айтышкан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG