Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Токио-2020: Орусиялык эки спортчу төрт алтын утту


Виталина Бацарашкина. Ок атуу боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону.
Виталина Бацарашкина. Ок атуу боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында орусиялык суучул Евгений Рылов 200 метр аралыкка аркасы менен сүзүүдө алтын медал алды.

Спортчу олимпиадалык жаңы рекорд койду. Бул Рыловдун Олимпиададагы экинчи алтыны. Экинчи орунду америкалык Райан Мёрфи алса, үчүнчү орунга британиялык Люк Гринбэнк татыды.

Мындан сырткары Токиодогу оюндарда дагы бир орусиялык спортчу Виталина Бацарашкина Олимпиаданын эки жолку чемпиону болду.

Ал 10 жана 25 метрлик аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча мелдештен алтын алды. Күмүш медалды түштүк кореялык Ким Минжун, колону болсо кыталйык спортчу Сяо Цзяжуйсюань утуп алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG