Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

COVID-19: дагы 14 адам каза болду, 919 кишиден табылды


Эмдөө. Ош облусу
Эмдөө. Ош облусу

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 31-июлдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан 14 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2325 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 919 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Бишкек шаары – 515;

Чүй облусу – 154;

Жалал-Абад облусу – 73;

Баткен облусу – 59;

Ысык-Көл облусу – 50;

Ош облусу – 29;

Нарын облусу – 23;

Талас облусу – 10;

Ош шаары - 6 киши.

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 162 892 адамга жетти.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Быйыл июнь-июлда андан каза болгондор жана жугузуп алгандар кайра арбыды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG