Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Хакерлер Бакиевдин паспортунун маалыматтарын жарыялады


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Беларусттук “Киберпартизан” анонимдүү тобу Беларусиянын паспорт системасын бузуп киргенин жарыялады.

Хакерлердин колуна миллиондогон беларустардын анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, президент Александр Лукашенкого жакын адамдар, коопсуздук комитетинин кызматкерлери жана Евросоюздагы чалгынчылар жөнүндө жашыруун маалыматтар түшкөн.

Хакерлер “Телеграм” каналга айрым маалыматтарды бөлүштү. Анда Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина, республикалык кеңештин төрайымы Наталья Качанова, атайын кызматтын башчысы Иван Тетель жана Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин паспортунун маалыматтары бар.

“Киберпартизан” анонимдүү тобунда көпчүлүк беларустар жөнүндө маалыматы бар экендигин “Настоящее Время” каналы эки адамдын аты-жөнүн, туулган жылын текшерип көргөн. Аталган топ бир заматта ал адамдар жөнүндө толук маалымат берген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG