Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Каракол суусу кирип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү


Каракол: куткаруучулар Каракол суусунан өтө албай калган аялды өткөрүүдө. 30.07.2021
Каракол: куткаруучулар Каракол суусунан өтө албай калган аялды өткөрүүдө. 30.07.2021

Ысык-Көл облусундагы Каракол суусу кире баштагандыктан, жакын жайгашкан 27 үйдүн тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы маалымат боюнча Каракол суусунун деңгээли ылдыйлап, нөөмөт алынган.

Маалыматка ылайык, кирген Каракол суусу жээгиндеги бир канча бак-даракты тамыры менен агызып кеткен жана бир көпүрө авариялык абалга кептелген.

Ошондой эле Караколдо жайгашкан “Ривер-парк” эс алуучу жайын суу каптап жатканы айтылат.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан куткаруу жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 30-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун күңгөйү жана тескейинде бир катар аймагында сел жүргөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG