Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Данияр Нарымбаевдин абалы оор экени кабарланды


Данияр Нарымбаев.
Данияр Нарымбаев.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин абалы оор бойдон экенин билдирди. Анын айтымында, коронавирус Нарымбаевдин башка дагы ооруларын козгоп, учурда жүрөгү ооруп жатат.

Токтакунова коронавирус жугузуп, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасына которулган Нарымбаевдин абалы оор экенин буга чейин билдирген.

Аны жеке клиникадан мамлекеттик оорукананын "кызыл зонасына" которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Атайын кызмат "Кумтөр иши" боюнча бир топ чиновниктерди камакка алган. Алардын айрымдары үй камагында, айрымдары жеке ооруканада жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG