Кыргызстандын аймагында 1-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын Ош, Баткен, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз, 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 7…13, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт. Бишкек шаарында 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүзү 33…35° ысык болот.