Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Оор атлетика: өлкөнү кыйырга тааныткан спортчулар

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышып келет. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болгон. Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында жети оор атлетчи Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Алар: Бекдөөлөт Расулбеков, Изат Артыков, Жаңыл Океева, Бекзат Осмоналиев, Улан Молдодосов, Митал Шарипов жана Бахыт Ахмедов.

Бүгүн оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимп оюндарында Кыргызстандын намысын коргомокчу. "Азаттык" буга байланыштуу Олимп оюндарында Кыргызстандын намысын талашкан спортчулардын сүрөттөрүн жана таржымалын топтоду.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG