Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Каракол суусу тартылды, жашоочулар үйлөрүнө кайтты


Каракол: куткаруучулар Каракол суусунан өтө албай калган аялды өткөрүүдө. 30.07.2021
Каракол: куткаруучулар Каракол суусунан өтө албай калган аялды өткөрүүдө. 30.07.2021

Каракол шаарындагы суу киргенден улам көчүрүлгөн 27 үй-бүлөнүн тургундары өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

30-июль күнү саат 04:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак жайларды каптап кетүү коркунучу пайда болгон.

Сел "Ривер парк" эс алуучу жайын каптаган. Жөө адамдар өткөн көпүрө авариялык абалга кептелип, бир үйдүн сарайынын дубалы урап калган. Бул парк 2017-жылы ачылган, ага 100 миң доллар кеткени айтылган.

30-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун күңгөйү жана тескейинде бир катар аймагында сел жүргөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG