Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Токио-2020: Шаршенбеков алгачкы атаандашын 8-0 эсеби менен утту


Жоломан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында.
Жоломан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча Токио Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы, казакстандык Мейрамбек Айнагуловду эки мүнөттө 8-0 эсеби менен жеңди.

Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.

Чейрек финалда Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашат.

Ушул эле күнү эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта күрөшүп жаткан Айпери Медет кызы алгачкы күрөшүндө атаандашы казакстандык балданды 6-1 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыкты. Эмки айлампада орусиялык Олимпиада чемпиону Наталья Воробьева менен күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG