Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Токио-2020: Нурсултан Кеңешбеков финалга өтпөй калды


Нурсултан Кеңешбеков.
Нурсултан Кеңешбеков.

Токиодогу Олимпиада оюндарында жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 5000 метрге чуркап, 18-орунду алды. Ал 3-августта 20 спортчу менен биринчи топтогу мелдешке катышты.

21 жаштагы Кеңешбеков маарага 14 мүнөт 7 секундада келип, финалга өткөн жок.

Ушул эле аралыкка экинчи топто дагы 20 спортчу чуркайт. Эки мелдеште уткандар финалда күч сынашат.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын тогузу байге ала алган жок. 3-августта грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал утту.

Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG