Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Москва метросундагы пранк уюштурган тажик блогерине сот чечими чыкты


Тажик блогеринин (ортодо) сот залына кирип бараткан учуру.
Тажик блогеринин (ортодо) сот залына кирип бараткан учуру.

Москванын Пресненский райондук соту 2020-жылы метродо өзүн коронавирус жуктурган бейтап кылып көрсөткөн тажикстандык блогер Караматулла Жаббаровду эки жыл төрт айга кескенин "ТАСС" агенттиги кабарлады.

Жаббаровдун адвокатынын айтымында, 2-августта сот ага Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренесине таянып жаза чегерди.

Ал эми пранктын дагы эки катышуучусу - Станислав Мелихов менен Артур Исаченко эки жылдык шарттуу жазага тартылып, аларга үч жылдан сыноо мөөнөтү дайындалды.

Прокуратура Жаббаровго төрт жыл, шериктерине үч жылдан камак жазасын сураган эле.

Алар 2020-жылдын 2-февралында метродо ондогон жүргүнчүнүн көзүнчө "коронавирус талмасын" көрсөтүп, элди коркутушкан. Бири жерге жыгылып титирей баштаган, экөө жалган дүрбөлөң салышкан. Жүргүнчүлөр вагондон чыгып качып баратканы тартылган видеолор тараган.

Соттолгондор бул пранктын видеосун жайылтуу менен "коронавирустан сактануу зарылдыгын көрсөтүп бергиси келгенин" айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG