Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Депутат Бекешев Аскер прокуратурасына Кумтөрдөгү мөңгүлөр боюнча сурак берди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 4-августта Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирип, тергөөчүгө тилкат жазып бергендиктен сурак тууралуу кенен маалымат бере албасын айтты:

"“Суу кодексине”, мөңгүлөргө байланыштуу суроолорго жооп бердим".

Андан мурдараак Бекешев “Твиттерге” Аскер прокуратурасына “Суу кодекси” боюнча добуш бергенине байланыштуу суракка чакырылганын жазып, “Мен бул мыйзамга каршы добуш берсем дагы бул иш юридикалык эмес, саясий деп эсептейм. Депутаттар добуш бергени үчүн укуктук жактан жооп бербейт, аларда моралдык жоопкерчилик болушу зарыл. Мөңгүлөрдү иштетүүгө макул болгондор парламентке шайланбашы керек” деп белгилеген.

2017-жылы Жогорку Кеңеш "Суу кодексин" өзгөртүү тууралуу мыйзам кабыл алган. Жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү "ооба", 22си "каршы" добуш беришкен.

Аны менен Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө жол ачылган.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийерин айтып чыгышкан.

Быйыл май айында Кыргызстан Кумтөрдү иштеткен канадалык инвестор “Центерра Голдго” бир топ экологиялык жана каржылык доосун коюп, ишкананы өзү убактылуу башкарууга алган.

“Суу кодекси” өзгөртүлгөнүнө байланыштуу буга чейин башка да депутаттар суракка чакырылган, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG