Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

БШК Токмоктогу кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныды


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Токмок шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын таанып, жаңы депутаттардын тизмесин каттоого алды. 2-августтагы отурумунда Боршайком аларга депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшыруу тууралуу чечим чыгарды.

Жети пайыздык босого ченинен шайлоого катышкан жети саясий партиянын бешөө өтө алды. Натыйжада «Бирге-Вместе» партиясына 9, «Эмгекке» сегиз, «Асыл Мурас-Жаштарга» беш, «Патриот Ынтымагына» беш жана «Эл Биримдигине» төрт мандат тийди.

Шайлоодон кийин айрым партиялар добуш сатып алууга айыпталышкан.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар. БШК Бишкектеги жана Оштогу кайра шайлоонун жыйынтыгын да расмий түрдө тааныган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG