Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:58

«Кыргызстан–жашыл зона»: Вакцина алгандар боюнча онлайн карта иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы «Кыргызстан – жашыл зона» улуттук демилгесинин алкагында интерактивдүү онлайн карта иштей баштады. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, картада өнөктөш уюмдар тууралуу жана COVID-19га каршы вакцина алган адамдарга берилүүчү жеңилдиктер, бонустар жөнүндө маалымат камтылган.

Ошону менен катар тигил же бул уюмдун эмдөөдөн өткөн кызматкерлеринин жалпы саны боюнча да маалымат алса болот. Мисалы, 4-августка карата Бишкектин Тез жардам кызматында иштегендердин 70% вакцина алды.

Кыргызстанда коронавирус 160 миңден ашуун адамга жугуп, алардын 2,5 миңдейинин өмүрүн алганы расмий статистикада көрсөтүлүүдө. Бирок ооругандар да, каза болгондор да көбүрөөк экени бейрасмий айтылып келет.

6,5 миллион калкы бар Кыргызстандын элинин 2,5 миллиону эмделе турган категорияга кирет. Бүгүнкү күнгө карата бул көрсөткүч 600 миңден ашты.

Өкмөт оорудан сактануунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилеп, вакцина алгандарга бекер интернет жана башка женилдиктерди сунуштоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG