Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы кайра сотто каралат


Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

Саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы кайра сотто каралат. Отурум 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болот. Башкы прокуратура анын баш коргоо чарасын катаалдатуу боюнча сотко өтүнүч бергенин Жээнбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, прокуратура Жээнбековду үй камагынын шарттарын бузганын негиз келтирип жатат.

"Кыязы, мен кайра тергөө абагына барам", - деген Жээнбеков муну бийликке карата сынчыл көз карашына байланыштырды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы муну төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон. Үй камагынын шартына ылайык, ал аймак кезип үгүт иштерин жүргүзө алган эмес. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG