Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Жапония коронавирус шартында мектептерди колдоо үчүн Кыргызстанга 2,7 млн. доллар бөлдү


Жапониянын желеги.
Жапониянын желеги.

Жапон өкмөтү коронавирус шартында мектептерди колдоо үчүн Кыргызстанга 2,7 миллион доллар бөлдү. Каражат мектептерде коопсуздук чараларын сактоого жана кошумча окутууларды камсыз кылууга жумшалат. Долбоорду ЮНИСЕФ уюму ишке ашырат.

Аталган уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, аны ишке ашыруунун мөөнөтү 24-августка чейин деп пландалган.

4-августта билим берүү жана илим министринин орунбасары Надира Жусупбекова, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орунбасары Юлия Олейник кызматташуу ноталарына кол коюшту.

Бул программа Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен COVID-19дун окутуу системасына тийгизген таасирин жумшартуу үчүн иштелип чыккан.

2020-жылдын март айында Кыргызстанда коронавирус жайыла баштаганда мектептер, окуу жайлар жана бала бакчалар жабылган. Ошол жылы күздө жарым-жартылай ачылып, кийинчерээк аймактарда мектептер шартка жараша толук иштей баштаган. Бишкек шаарында жеке менчик мектептер ачылган. Мамлекеттик мектептер толук ишке кирбей турат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG