Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Аравандагы зордуктоо: шектүүнүн жакындары тергөө иштерине нааразы


Зордуктоого шектелген кишинин жакындары
Зордуктоого шектелген кишинин жакындары

Милиция Араван районунун Чек-Абад айылында 2020-жылдын 20-августунда 15 жаштагы кыз зордукталганы боюнча кабарлаган. Шектүү катары ошол эле айылдын 63 жаштагы тургунуна (162- беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) кылмыш иши козголуп, соттук медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү 4-июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттук иштер Араван райондук сотунда уланууда.

Шектүүнүн жакындары 4-августта маалымат жыйын уюштуруп, коюлган айыпты четке кагышты. Мындан сырткары тергөө иштерине наарызы экенин билдиришти. Кылмышка шектүүнүн жубайы Мухабатхан Алимова жолдошуна мындай айып негизсиз коюлганын айтты.

"Жолдошумду 16 жаштагы кыз менен болгон деп айтыптап жатышат. 7 айдан бери СИЗОдо отурат. Менин жолдошум эркектик жактан жабыркаган. Эми муну жашырганда эмне, тукумсуздук оорусу менен ооруйт. 4 балабыз бар, 3 кыз, 1 уул. Ошонун үчөөнүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Эки жолу сотко чакырылып, бирөөсүндө кант диабетинин өлчөмү көтөрүлүп кетти. Экинчисинде коронавирус менен ооруп калды. Бүгүнкү күндө ооруса да СИЗОдо кармалып турат. Эгер ушул маселе адилеттик түрдө чечилбесе ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үч балам менен президент Садыр Жапаровдун алдына барып отурабыз".

Жабырлануучу тарап соттук иштер солгун жүрүп жатканын айтып өткөн айда нааразылыгын билдиришкен эле. 16 жаштагы кыз 15-майда көз жарган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG