6-августта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош , Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.
Facebook шеринеси