Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Талибдер белгилүү ооган акынын өлтүрүштү


Ооганстан. Талибдер басып алган аймактарда өз эрежелерин орнотуп, жайкын тургандарды өз алдынча жазалоого киришти.
Ооганстан. Талибдер басып алган аймактарда өз эрежелерин орнотуп, жайкын тургандарды өз алдынча жазалоого киришти.

«Талибан» кыймылынын жоочулары 5-августта Орозган провинциясынын Хора уездинде белгилүү акын жана тарыхчы Абдулла Атефинин көзүн тазалаганы белгилүү болду.

Акынды үйүнөн алып чыгышып, аны сотсуз эле өлүм жазасына тартышканын провинциянын губернатору Мухаммад Умар Шерзад «Азаттыктын» ооган кызматына кабарлады.

Анын айтымында, талибдер өздөрү басып алган райондордо катаал эрежелерди орнотуп, алардын чектөөлөрүнө көнбөгөн жайкын тургундарды эл көзүнчө жазалап, кыйнап өлтүрүп жаткан учурлар катталган.

Ошондой эле, аялдарга карата атайын чектөөлөр киргизилгени айтылды.

Буга чейин Балхтын полициясы талибдер 21 жаштагы келинди көчөгө эркектин коштоосу жок жеңил көйнөкчөн чыкканы үчүн атып өлтүрүшкөнүн билдирген. Полициянын айтымында, жаш келин жоолукчан экенине карабай, анын көйнөгү денесине чыпташып турат деген негизде жазаланган. Полиция ага кимдер кол салганын иликтеп жатат.

«Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Забиулла Мужахид айыптоону четке кагып, кол салуунун чоо-жайы иликтенип, жыйынтыгы айтыларын кошумчалады.

Буга чейин расмий Кабул жайкын тургундарга кол салууларды иликтөө өтүнүчү менен БУУга кайрылып, аларды согуштук кылмыштар катары кароону суранган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG