Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Талибдер чыпташкан кийим үчүн бир аялды өлтүргөнү кабарланууда


Газни провинциясындагы ооган аялдары. 7-июнь, 2021-жыл.
Газни провинциясындагы ооган аялдары. 7-июнь, 2021-жыл.

Талибдер денесине чыпташкан көйнөк кийип, эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыкканы үчүн бир келинди өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын полициясы кабарлады.

«Талибандын» жоочулары өз карамагындагы Самар Кандиан айылында аялды атып өлтүрүп кеткенин полиция башчысы Зиалухак Туфан «Азаттыктын» ооган кызматына билдирди. Маалыматка караганда, Назанин аттуу келин болгону 21 жашта эле. Ал Мазари-Шариф шаарына баруу үчүн үйүнөн чыгып машинеге отурар маалда кол салышкан. Полиция билдиргендей, Назанин бетин жапкан паранжачан болгон.

«Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид полициянын билдирүүсүн четке кагып, аталган окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG