Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Воронежде автобус жарылып, бир адам набыт болду


"Тез жардам" унаасы. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тез жардам" унаасы. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

12-августта Орусиянын Воронеж шаарындагы каттамда эл ташыган автобус жарылып, 18 киши жараат алды. Бир адам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө набыт болду. Үч киши оор абалда.

Унаа аялдамада жүргүнчүлөрдү отургузуп жаткан учурда жарылган.

ФСБ жарылуунун себебин иликтөөдө. Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, Москвадан адистер жиберилгенин маалымдады.

Баштапкы маалыматтарда автобустун үстүнө коюлган газ баллон жарылганы айтылган. Бирок каттамды тейлеген компаниянын өкүлү унаа дизелдик күйүүчү май менен иштегенин РИА-Новости агенттигине билдирди.

Baza басылмасы да автобуста газ жабдуулары болбогонун жазды.

Азырынча расмий маалымат жок. Кылмыш иши "Коопсуздук талаптарынын бузулушу" беренеси менен козголду.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев жарылуунун теракт версиясы да барын ишара кылып, 13-августтан тарта коомдук транспорт айдоочулары жүргүнчүлөрдөн түрдүү чоочун буюмдарга көңүл бурууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG