Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

14-августтун аба ырайы


Кегети.
Кегети.

14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 18…20 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG