Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

АКШ Ооганстанга кошумча аскер жиберди


Ооганстанга бараткан АКШ аскерлери.
Ооганстанга бараткан АКШ аскерлери.

Кошмо Штаттары чукул кырдаалдан улам Кабулдагы АКШ элчилигинин кызматкерлерин коопсуз көчүрүү үчүн Ооганстанга үч миңге чукул аскер жиберди.

Бул жагдай Ооганстанда Талибан кыймылы бир катар ири шаарларды басып алган учурга туура келди.

АКШ мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Кабулдагы элчилик иштей берерин, бирок андагы персоналдын саны кескин кыскарарын билдирди. Ал эми андагы кызматкерлердин бардыгы өлкөдөн чыгарылары айтылды. Айрым маалыматтар боюнча АКШга жибериле турган элчиликтин кызматкерлеринин саны миңге чукул. Пентагон алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Ооганстанга бараткан аскерлер Кабулдун аэропортуна жайгашарын айтты. Алардын эң башкы миссиясы – элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо.

Мындан сырткары АКШ америкалык аскерлер менен кызматташкан оогандыктарды чыгарып кетүү үчүн жибериле турган авиа каттамдардын санын көбөйтө турганы белгилүү болду.

АКШнын мамдепартаменти Ооганстандагы кырдаал улам тездик менен өзгөрүп жаткандыктан элчиликтин кызматкерлерин тез арада чыгарып кетүү боюнча соңку чечим пландан тышкары кабыл алынганы айтылды.

АКШ 31-августка чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетерин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG