Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Акыйкатчы абактагы Атамбаевге жолукту


Алмазбек Атамбаев сот залында. Архив.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Архив.

Акыйкатчы Токон Мамытов №47 колонияда отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты. Анда Атамбаев ден соолугу жайында эмес экенин айткан.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот иштери анын ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турганын 13-августта “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча экспертиза бир ай ичинде жыйынтыкталышы керек болчу. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адвокаттын айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаевге омурткасынан операция жасалышы керектигин, жүрөгүн да дарылоо зарылдыгын айтышууда. Алар мындай медициналык жардамды колония шартында ала албасын айтып келишет.

Алмазбек Атамбаевдин камалганына туура эки жыл болду.(МТа)

XS
SM
MD
LG